• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эмдөөдөн өткөн адамдарга магнит жабышкан окуя. Тийиштүү органдар эмне дейт?

31 Бугу 2021 18:39 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну, маданият кызматкери Мөөркан Исакова коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Ал буга чейин ийне сайылган жерине магнит жабышып жатканын айтып чыккан болчу. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

«Мен биринчи жана экинчи вакцинаны алдым. Андан соӊ, вакцина алган адамдар ийне сайган жерине магнит жабышып жатканын айтып, видеолорун социалдык тармактарга жүктөй башташты. Мен дагы магнит жабыштырып көрөйүнчү деп жабыштырсам, чын эле вакцина алган күнү жабышкан болчу. Элдер айткандай, чын эле колума «чип» салынып калдыбы деп ойлоп, видеого тарттым. Анан тааныштарга жиберсем, ал элдин баарына тарап кетиптир. Азыр жакшы. Колума эч кандай магнит жабышкан жок», — деди ал.

Токмок шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Айгүл Сыдыкованын айтымында, аталган тургун Чүй районунун айылдарынын биринде жашайт.

«Бизден эмдөөдөн өтүптүр. Тизмеде жүрөт. Эмдөө албаган адамдарга деле кээде магнит жабыша берет. Бул секунддук көрүнүш. Эртеден кечке синтетика кийимдерди кийип жүрүп, эшиктерди кармаганда ток урат. Бирөө менен учурашсак, ток урат. Мындай учур кездешип эле жүрөт да. Бул кишиники ошондой учурга туш келип калса керек. Ал эми вакцинадан кийин магнит жабышып калганы жалган маалымат. Биз канча кишиге вакцина сайдык. Эч кимде мындай учур болгон жок», — деди ал.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Чүй облусундагы координатору Бактыгүл Мамытова буга төмөнкүдөй жооп берди.

«Мындай видеолорду ким кандай максатта таратып жатканы белгисиз. Же чагымчыл күчтөрбү? Бул жалган маалымат. Балким кээ бир адамдарда ошол убакта биотогу көп болуп кетсе керек», — деди ал.

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын мурдагы башчысы Руслан Тайгашкаев кызматта жүргөндө эмдөөдөн өткөн. Ал дагы колуна магнит жабыштырып көргөн.

«6-май күнү экинчи эмдөөнү алгам. Мени менен бирге райондун айрым жетекчилери да алды. Мен дагы ал видеолорду көрүп, текшерип көргөм. Меникине магнит жабышкан жок», — деди ал.

Бүгүнкү күндө Чүй облусу боюнча биринчи эмдөөдөн 13 360, экинчи эмдөөдөн 3872 киши өттү.

Булак: Turmush

Количество просмотров: 20502