• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Эмдөө жумалыгынын алкагында көчмө бригадалар иш алып барууда

24 Чын куран 2024 13:37 Бишкек Govori.TV

Эмдөө жумалыгынын алкагында өлкө аймактарында көчмө бригадалар жигердүү иш алып барууда.

Республикалык иммунопрофилактика борбору маалымдагандай, адистер профилактикалык вакциналарды мүмкүн болушунча көбүрөөк адам алуусу үчүн эмдөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Ошондой эле, алар калкка маалыматтык түшүндүрүү иштерин өткөрүп жатат.

Эске салсак, Кыргызстанда 22-28-апрель күндөрү Европалык эмдөө жумалыгы өтөт.

Быйылкы жумалык Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Эмдөө боюнча кеңейтилген программасынын 50 жылдыгына жана Кыргызстандагы улуттук иммунизациялоо программасынын 30 жылдыгына арналды.

Өнөктүктү КР Саламаттык сактоо министрлиги Европа Биримдигинин, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, ЮНИСЕФтин жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Ай коомунун колдоосу менен жүргүзүп жатат.

«Бул өнөктүк мүмкүн болушунча көбүрөөк кыргызстандыкка эмдөө көптөгөн муундарды вакцина менен башкарылуучу инфекциялардан кантип коргоп келгени тууралуу маалыматты жеткирүү максатын көздөйт», — деп белгилешти Республикалык иммунопрофилактика борборунан.

Количество просмотров: 96