Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жыйында сөз сүйлөп, жүйөлүү себептери жок жыйынга катышпай койгон депутаттарга эркертүү берди.
Шакиев эл өкүлдөрүн тартипке чакырды.
“Урматтуу депутаттар, ушул жумадан баштап тартипти өзүбүздөн баштайлы. Катталып коюп, ишке келбей койгон депутаттарыбыз жок эмес. Жүйөлүү себептери жок келбей жүргөндөр дагы бар. Эмгек кодексине ылайык, сегиз сааттык иш тартибин талап кылабыз. Бүгүндөн баштап ар кандай шылтоолор менен жыйынга катышпаган депутаттардын эмгек маянасын кыркабыз”, — дейт ал.