Мындай сунушун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Үй-бүлөлүк кодекске киргизүүнү айтып, тиешелүү оңдоолорду коомдук талкууга койду.
Учурдагы Үй-бүлөлүк кодексте никеге туруу үчүн эң кичине курак катары 18 жаш алынган. Бирок айрым учурларда комиссия чечкен убакта 17 жашта да никеге турууга уруксат берилген.
Ал эми БУУнун балдардын укуктары боюнча комитети 18 жашка толо электерге никеге турууга тыюу салуу, анын ичинде 17 жаштагыларга да никеге турууга тыюу салууну сунуш кылып жаткандыгын министрлик белгилейт.
Муну ишке ашыруу үчүн Эмгек министрлиги буларды сунуш кылат: