Бишкек.10.07.2019.Govori.TV.
Жайыл районунун Новониколавск мектеп-гимназиясынын директору Т. Шадыканова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында райондук билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, окуучуларга эмгек практикасы каралган эмес. Бирок Т. Шадыканова окуучуларды белгилүү бир иштерге тартууну тапшырган. Бешинчи класста окуган Н.О мектепке эмгек практикасына бара жатып, машине сүзуп каза болду.