• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эми Бишкекке жалпы 121 мектеп караштуу болот

28 Баш оона 202414:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө Бишкек шаары 3 эсеге кеңейип, 18 мектеп борборго кошулуп, мектептер жалпы 121ге жетти. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев мугалимдердин август конференциясында билдирди.

“Биз чоң иштерди жасап жатабыз. Мен алгач келгенде өлкөнүн жетекчилигинен: “Кайсы маселе актуалдуу?” деп сураганымда мага: “балаңызды мектепке киргизүү үчүн телефон чалган учуруңуз болду беле?” деген көйгөй абдан курч турганын айтышты. Биз ушундай деңгээлге жетип калганбыз, ушундай маселелер боюнча өлкө жетекчилигине чейин телефон чалып калышкан. Ошол учурда 15 мектептин жана 1 бала бакчанын курулушун баштадык. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнүп берилди. Көп адамдар буга ишенишкен жок. Бирок жарым жылда алар курулуп бүттү. Азыркы учурда балдарыбызды шарты жакшы окуу жайларда окутууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жергиликтүү бюджеттен мектептерди курууну жана оңдоону улантуудабыз. Бишкектин билим берүү системасын республикалык деңгээлге чейин көтөрүүгө аракет кылып жатабыз. Ошол эле учурда инфраструктура да бизге карап калууда”, — деди шаар башчысы.

Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калаага мындан ары 121 мектеп жана 111 бала бакча караштуу болот. Анын ичинен 12си адистештирилген, алтоо мектептен тышкары уюмдар.

Количество просмотров: 151