• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эми элдик толкундоо кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек? Жапаровдун жообу

8 Тогуздун айы 202517:20 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 2020-жылдагы октябрь окуяларына быйыл 5 жыл толгонун утурлай, «Кабар» агенттигине кезектеги маегин куруп, ал учурдагы болгон окуяларга токтолгон.

Президент өлкөнү оор кырдаалда колго алган учур, андан кийинки өзгөрүүлөр жана бүгүнкү Кыргызстан тууралуу суроолорго жооп берген. Жапаров маек учурунда ал окуялар боюнча кийин мемуар жаза турганын билдирген.

Ошондой эле өлкө башчы элдик толкундоо кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек? деген суроого жооп берип, «эскилердин каталарын кайталабашыбыз керек» деген.

«Кандай гана шайлоолор болбосун, таза өтүп турушу керек. Ар бир шайлоого адилеттүүлүк менен мамиле жасасак, казынаны уурдабасак эле эч качан элдик толкундоолор кайталанбайт. Бул шайлоону жеке өзүм көзөмөлгө алам.

Адилетсиздик болду деп кайрылган округдарга дыкат көңүл буруп, адилеттүү чечимдерди чыгарабыз», — деген президент.

Количество просмотров: 352