2021-жылдын 6-июль күнү, уюлдук операторлордун өкүлдөрү жана Саламаттыкты сактоо министринин Санариптик өнүгүү боюнча орун басары Бакыт Жангазиев Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинде жарандарды COVID-19га каршы вакцина алуу үчүн санариптик сертификаттар менен камсыз кылуу маселеси боюнча жолугушту. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жолугушууда, технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу үчүн министрликтин жана тиешелүү байланыш операторлорунун (MegaCom, O!, Beeline) маалыматтык тутумдарын интеграциялоо аркылуу жарандарга жеке QR кодун тапшыруу менен эмдөө сертификаттарын берүү зарылдыгы талкууланды .
Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар уюлдук операторлордун мобилдик тиркемелери аркылуу санариптик вакцинациялык сертификаттарды берүүнү уюштуруу боюнча маалымат тутумдарынын өз ара аракеттенүүсү боюнча кызматтарды тез арада иштеп чыгуу жөнүндө макулдашышты. Ушул максаттарда электрондук сертификаттар боюнча маалымат алмашууну уюштуруу пландаштырылууда. Операторлор тарабынан аныкталган уюлдук байланыш операторлорунун абоненттери вакцинациянын санариптик сертификатын ала алышат.
Жолугушуунун жүрүшүндө бардык тараптар COVID-19га каршы вакцинациялоодон өтүүнүн маанилүүлүгүн жана зарылдыгын белгилешти.
Улуттук вакцинациялоо кампаниясын колдоо максатында, вакцина алган жарандарга байланыш операторлорунан абоненттерине бонустарды (интернет топтомдору, контентти көрүү ж.б.) берүү жолу менен стимулдаштыруу пландаштырылууда.
Мүмкүн болушунча тезирээк маалымат каражаттары жана байланыш операторлору аркылуу кененирээк маалымат берилет.