• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Эмил Балтагулов Жалал-Абад филармониясына директор болду

15 Жетинин айы 2022 12:52 Бишкек Govori.TV

Ырчы Эмилбек Балтагулов Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койду, деп кабарлайт ведомствонун басма сөз кызматы.

Жаңы директорду Жалал-Абад облустук филармониянын жамаатына министрдин орун басары Түмөнбай Колдошев тааныштырды.

Белгилей кетсек, Балтагулов буга чейин Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын директору болуп иштеп келген.

Количество просмотров: 133