• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

«Эмил Эрикович, бизди угуп жатсаңыз келе бериңиз». Ташиев менен депутаттар Жамгырчиевге кайрылышты

10 Үчтүн айы 2024 12:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Жамгырчиев боюнча депутаттык комиссиянын чечимин карашууда. Жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев катышып жатат.

Комиссия төрагасы депутат Алишер Эрбаев Башкы прокуратура Жамгырчиевге кылмыш ишин козгоп, 27-декабрда аны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү сунушун парламентке жөнөткөнүн айтып, комиссиянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Жыйында депутаттын суроосуна жооп берип жаткан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев камакка алынбай турганын, иши сотко өткөндөн кийин актыгын сотто далилдеши керек экенин айтты.

“Чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып коюлган Кыргызстандын бир да жаранын камабайбыз. Камаган да эмеспиз. Эмил Жамгырчиевге айтып койгула. Камалбайт. Келсин да сотто жооп берсин. Тергөөгө бүгүн эле келсин. Кармабайбыз, камабайбыз. Биз Эмил Жамгырчиевди издеген жокпуз. Аны издей турганга негиз да жок”, — деди Ташиев.

Ал эми депутат Сүйүн Өмүрзаков кесиптеши Жамгырчиев кайда экенине кызыгып, «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаевге суроо узатты.

Ага жооп берген Акаев фракциялашы учурда кайда экенин билбей турганын, аны менен байланыша электигин айтты.

Количество просмотров: 250