• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Эмил Жамгырчиев кесиптеши Алимжанованын иш бөлмөсүнөн качканбы? Депутат маалымат берди

10 Үчтүн айы 2024 11:39 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова бүгүн, 10-январда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Депутаттын айтымында, кесиптеши Жамгырчиевдин анын иш бөлмөсүнө кирип кеткенин өзү көргөн эмес, анткени ал Жамгырчиев пресс-конференция бере турган пресс-залдын жанында башка депутаттар менен күтүп турган.

«Мен ал учурда пресс-борбор тарапта болчумун, көргөн жокмун. Бирок, депутат Жамгырчиев «Альянс» фракциясындагы кыз менен менин иш бөлмөмө кирип, өздөрүнчө сүйлөшүп алуулары керектигин айткан. Андан кийин комендант келип, иш бөлмөнү ачканда терезе ачык бойдон калган экен. 2-кабаттан бирөө түшкөнү айтылды. Тергөөчүлөр келип, иш бөлмөнү текшерүүгө алышты. Тийиштүү органдар териштирип, маалымат беришсе керек. Жамгырчиев менен байланыша алган жокпуз», — деди ал.

Ошондой эле эл өкүлү учурда иш бөлмөсү ачык экенин кошумчалады.

9-январда айрым ЖМКлар Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев тергөөчүлөрдөн качып кеткенин жазып чыгышкан.

Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүлөрү депутатка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылышкан.

«Азаттык» жарыялаган видео материалда Жамгырчиев өзүн кармаганы келишкенин айткан.

УКМК азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.

Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия эл өкүлү Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди.

Мунун алдында Жамгырчиев ЖМКларга маалымат жыйын өткөрөрүн билдирген, бирок ал белгисиз себептерден улам өткөн эмес. Ал эми депутаттын учурда каякта экени белгисиз болууда.

Количество просмотров: 151