• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Эмилбек Каптагаев: Карышкыр атууга эмес, чек араны коргоого тик учак алуу керек

24 Үчтүн айы 201916:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV

Саясий жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, “карышкыр атыш үчүн тик учак алуудан мурда чек араны коргош үчүн жок дегенде бир тик учак алыш керек”,-деген оюн өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

 “Азыр Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө бир дагы тик учак жок. Негизи карышкырды тик учак менен тиги сырт аймагында (Аксай, Сары-Жаз, Акшыйрак …) эле атпаса, бул айыл ичиндеги карышкыр тик учак эмес башкасын алып келсең дагы аттырбайт. Ал эми Сырт аймагындагы карышкырлар жакага түшүп келип мал жебейт, алардын ырыскысы ошол жакта… Негизи карышкырды туш келди эле кыра бериш натуура иш. Мисалы, Чүйдө 4313 коен, 38618 кекилик бар экендигин так санап жаткан аңчылар канча карышкыр бар экенин деле так билүүгө милдеттүү. Мамлекеттен айлык алып иштеп жаткан охотоведтер ар ким өз участкасындагы карышкырдын санын, алардын бөлтүрүк тууган уюгун, ар жылы канча бөлтүрүк тууду, анын канчасы чоңоюп жатканынын да так билүүгө милдеттүү. Мына ошол маалыматтын гана негизинде ар бир аймак, ар бир кокту боюнча карышкырдын санын жөнгө салуу иштери болгону дурус. Ансыз деле өкмөттүн чечими «регулирование численности волков» деп чыгат”,-деди Каптагаев.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Нарын облусунун Ат-Башы районунда карышкыр күч болуп, жергиликтүү мергенчилер атып жетише албай жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты.

Эл өкүлү ага жергиликтүү тургундар кайрылып, карышкыр күнүнө бештен, бир айда 150гө жакын жылкы жеп жатканына кейип, “Карышкырга мергенчилердин алы жетпей, айыл өкмөттөрү, акимдер, губернаторлор чарчап-чаалыгыптыр. Андыктан коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен вертолет алып берип койсо жакшы болмок. Ошого түшүп алып карышкырларды атпайлыбы, ал бизге тууган эмес да”, — деп балп этти.

Количество просмотров: 52