• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Эмне үчүн 3 чамгарак, ийилген нур? Самыйкожо Тууну чечмелеп берди…

19 Бештин айы 2023 12:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйын учурунда депутаттардын сунушунун негизинде мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда тең кабыл алынды.

Жыйын учурунда сөз алган депутат Мирлан Самыйкожо Тууда тартылган элементтердин мааниси тууралуу токтолуп айтып берди.

Ал белгилегендей, Туунун ортосунда тартылган түндүктүн үч чамгарагы болгонунун себебинде абдан чоң маани жатат.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен чукул кабыл алган.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Бул демилге коомчулукта катуу талаш жаратып, талкууга алынган.

Ал эми Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин билдирген. Мамлекет башчы залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранган.

Количество просмотров: 952