Бишкек.23.04.2019.Govori.TV.
Бишкек мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башкармалыгы социалдык тармакта бала бакчада 50дөн ашык баланын бир бөлмөдө жаткан видеосуна түшүндүрмө берди.
Соц тармкакта тараган видео Касым жаңы конушундагы №1 бала бакчада тартылганы белгилүү болгон. Бакча 2008-жылы ачылып, 140 балага ылайыкталган. Бүгүнкү күндө бакчага 290 бала келип жатат.
Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башкармалыгынын айтымында, 19-апрелде бала бакчада оңдоо иши болуп, бөлмөлөрдүн биринде боек жыттангандыктан, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында уктоо убагында балдарды оңдоо иштери жүрүп жаткан жерден алысыраак бөлмөгө чогултулган.
“Бала бакча керектүү нерселер менен камсыз кылынып, айлана-чөйрөнү түзүү боюнча “Көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын бала бакчасына киргизүү” долбоорго катышып жатат. Бала бакчада көп жылдык тажрыйбасы бар мугалимдер иштешет. Ошондой эле, балдардын бекитилген меню алкагында салмактуу тамактануу менен камсыз кылынат.
Шаардын өнүгүү программасынын бир бөлүгү болуп жаңы бала бакчаларды куруу каралган. Мындан тышкары, “бала бакчаларда электрондук кезек” системасын киргизүү бакчаларга балдарды алууну көзөмөлдөө жана акырындап толтуруу жактан камсыз кылууга мүмкүндүк берет”,- деп айтылат башкармалыктын маалыматында.
Бала бакчанын директоруна биздин редакция байланышып, эмне үчүн балдар кербетте эмес жерде жатат? деген суроого жооп бере албай койду.