• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Эмне үчүн доллардын курсу кайра өсүп жатат? Улуттук банктын жообу

27 Бугу 2022 16:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы акча алмаштыруучу жайларда АКШ долларынын курсу кайра жогорулады. 27-майда түштөн кийин 1 АКШ доллары 84-85 сомдон сатылууда. Улуттук банк 27-майга карата доллардын курсун 79,50 менен бекитти. Ушу тапта Улуттук банк койгон сомдун расмий курсу менен коммерциялык банк жана акча алмаштыруучу жайлардагы баанын айырмасы чоң.

Улуттук банктан Govori.TVга маалымдашкандай, доллардын рыноктогу курсу суроо-талапка жараша өзгөрүп турат. 

«Бүгүнкү күндө ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына карата суроо-талап, сунушка салыштырмалуу бир аз басымдуулук кылып жаткандыгы байкалууда. Ошентсе да ички валюта рыногунда кырдаал туруктуу сакталып турат. Улуттук банк АКШ долларынын сомго карата курсу чет өлкө валютасына суроо-талаптын жана сунуштун негизинде аныкталарын белгилейт, күнүмдүк турмушта алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүүлүгү күндө байкалат. Ушуга байланыштуу валюталар курсу бир күн, жума, ай ичинде жогорулап же төмөндөп турушу мүмкүн. Алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү режими колдонулган өлкөлөрдө алмашуу курсунун өзгөрүп турушу табигый көрүнүш жана ал дайыма эле Улуттук банктын кийлигишүүсүн талап кыла бербейт. Валюта рыногунда суроо-талаптын же сунуштун жогорулашы менен байланышкан алмашуу курсу кескин өзгөргөн мезгил ичинде Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында валюталык интервенцияларды жүргүзүп турат. 2022-жыл башынан тартып 26-майга чейин алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, Улуттук банк 284,30 млн АКШ доллары суммасында чет өлкө валютасын сатуу боюнча беш интервенция (анын ичинен 66,65 млн доллар накталай түрдө сатылган) жана 46,45 млн АКШ долларын сатып алуу боюнча эки интервенция өткөрдү. Жыйынтыгында таза сатуу 237,85 млн АКШ долларын түздү. Улуттук банк ички валюта жана тышкы финансы рынокторундагы кырдаалга дайыма көз салып турат жана акча-кредит саясатына ылайык оперативдүү негизде кийлигишүүгө, тиешелүү чараларды көрүүгө даяр»,-деп билдиришти Улуттук банктан.

Буга чейин парламентте депутат Жанар Акаев Кыргызстандын каржы базарында айрым адамдар атайын ойноп жатканын, Орусиядан рубль киргизип, Кыргызстандан долллар чыгарып кетип жатканын билдирип чыкканы бар.

Анын айтымында, Алексей Ширшов валюта рыногунда дагы бир схема түзгөн.

«Россиядан Кыргызстанга рубль түрүндө чоң суммада каражат алып келип доллар, еврого алмаштырып, кайра башка өлкөлөргө чыгарып жаткан шылуундар бар. Ушундай жол менен акча адалдоо схемасы иштеп жатат деген коңгуроо түшүүдө. Финансылык чалгындоо кызматы ушул тапта Кыргыз-Швейцария банкынан 100 миңдеген долларды камакка алды. Бул эң атактуу, «көп кырдуу таланты бар» Ширшовдун дагы бир схемасы»,-деген ал.

Кошумчалай кетсек, мындан туура 6 күн мурун АКШ доллары акыркы эки жылда биринчи жолу 79 сомго түшкөн. Дээрлик эки жылдай 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Орусия менен Украинанын ортосундагы кырдаалга байланыштуу кымбаттап, 106 сомго жеткен. Ал эми Улуттук банк валюта рыногундагы туруктуулукту сактоо максатында бир нече жолу базарга доллар сатып алган.

Количество просмотров: 4151