• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эмне үчүн Кыргызстанда дары-дармектер кымбаттап жатат? Өкмөттүн жообу

29 Жалган куран 2021 17:47 Бишкек Govori.TV

 Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү жана атамекендик дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр менен көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү дары-дармектерге бааларды мамлекеттик жөнгө салуу, саламаттык сактоо мекемелери тарабынан берилген дары-дармектерге акы төлөөнүн кармалуусу, дары-дармектерди каттоого алуу жана кайра каттоого байланыштуу көйгөйлөр, атамекендик дары-дармек рыногунун ЕАЭБ талаптарына жооп берүүсүнө тийиштүү маселелерди көтөрдү, ошондой эле дармектерди мыйзамсыз киргизүүгө жана аларга карата баалардын жогорулашына алып келүүчү кошумча нарк салыгынын киргизилиши боюнча кооптонусун билдиришти.

«Жогорку кирешелүү фармацевтикалык рынокто бардыгы эле эреже боюнча иш алып барбасы түшүнүктүү. Максималдуу киреше алууга умтулган «күңүрт» схема боюнча иштөөгө аракеттенген белгилүү ташуучулар бар. Мындай фактылар орун алууда, болбосо жарандар Кыргызстандагы жана башка өлкөлөрдөгү дары-дармектерге карата баалардын ажырымына нааразы болмок эмес. Жана бул рецепттик дармектерге гана тийиштүү эмес. Рынокту жөнгө салуу ушунчалык күчөтүлгөндүктөн, таңгактын дизайнындагы майда өзгөртүүлөр да Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинде алты айлап макулдашууну талап кылат. Көптөгөн өндүрүүчүлөр рыноктун кичи көлөмүнө байланыштуу дармектерди Кыргызстанда каттоого кызыкпайт, бул дары-дармектердин баасына өз таасирин тийгизет. Биз дары-дармектерди каттоого алуу жана кайра каттоо боюнча талаптарды жөнөкөйлөштүрүп, Европа, Россия жана башка өлкөлөрдөгү жүгүртүүдөгү дары-дармектерди таануу үчүн мүмкүнчүлүк түзүүбүз керек. Департамент кагаз жүзүндөгү текшерүүнү гана жүргүзөт. Буга катар биз рыноктогу фармацевтикалык дармектердин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүүбүз жана маанилүү дары-дармектерге карата бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүбүз керек», — деп белгиледи Артем Новиков.    

Фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү дары-дармектерге бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тууралуу идеяны жалпысынан колдоого алды.

«Мындай тажрыйба дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө пайдаланылат. Бирок биздин өлкөдө мамлекеттик жөнгө салуу механизмин баскычтуу түрдө ишке киргизүү керек. Биздин рынок кичине жана ал толук кандуу мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилишине даяр эмес. Биз аталган маселени талкуулоого даярбыз. Ал үчүн ченемдик-укуктук актыларды талапка ылайык келтирүү керек», — деп эсептешет фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү.

Ошондой эле диагностикалоо үчүн реагенттерди, медициналык кол каптарды,  компьютердик томографтарды киргизүү, бажы кызматы менен өз-ара аракеттешүү, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды ЕАЭБ эрежелери боюнча каттоо көйгөйү, дарыканалардагы рецептуралык-өндүрүштүк бөлүмдөрдүн ишине тийиштүү маселелер  козголду.

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков эки жума ичинде дары-дармектерди киргизүү боюнча, атамекендик жана чет элдик дармектерди каттоо жана кайра каттоого алуу мөөнөтүн кыскартууга тийиштүү, регистрациялык досьеге өзгөртүү чектеринин критерийлерин иштеп чыгуу боюнча ченемдик-укуктук акты долбоорун толуктап иштеп чыгуу жана тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тараптан жооп болбогон учурда «унчукпоо макулдуктун белгиси» принцибин ишке киргизүүнү тапшырды. 

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Департаменттин ишин оптималдаштыруу жана андагы санариптештирүү процессин тездетүү, дарыканалардагы тартыштыктарды болтурбоо үчүн коронавирус инфекциясына каршы дармектердин ар бир ай боюнча муктаждыктар графигин түзүү, ошондой эле атамекендик фармацевтикалык рыноктун ишин ЕАЭБ принцибине которуу боюнча иш-аракеттер планын даярдоосу тапшырылды.

Количество просмотров: 190