• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Эмомали Рахмон Мирзиёев жана Токаев менен Ооганстандагы абалды талкуулады

25 Кулжа 2021 9:31 Бишкек Govori.TV

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 24-июнда Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Тажикстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, көңүл борборунда аймактагы коопсуздукту камсыздоо, Ооганстандагы абал болду.

Ооганстандагы талибдер Тажикстан менен чек арадагы Кундуз шаарынын жака белине жакындашты жана тажик аймагы менен байланыштырган өткөөлдү кармап турушат. Согушкерлер акыркы жумаларда улам бир районду өз көзөмөлүнө алып келатышат. 22-июнда талибдер Тажикстан менен негизги чек ара өткөөлүн — Кундуз провинциясынын борборунан 50 километрдей жердеги Шерхан Бандар шаарчасын ээлешкен.

Тажикстан менен Өзбекстан башчысы ооган аралык тынчтык жараянын алдыга жылдырууга жана Ооганстанда туруктуулук жана коопсуздукту камсыздоого биргеликте аракет көрүүнү улантууга макулдашты.

Эмомали Рахмон менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев дагы Ооганстандагы азыркы аскердик-саясий абалды кенен талкуулашты.

Тараптар бул өлкөнүн түндүк, түндүк-чыгыш райондорунда абалдын курчуп кеткенине тынчсыздануусун билдиришти.

Рахмон менен Токаев эки тараптуу жана көп тараптуу негизде тыгыз байланышты уланта берүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Количество просмотров: 1136