• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Эмомали Рахмондун кудасынын уулу жети суткага камалды

4 Бештин айы 202317:16 Бишкек Govori.TV

Душанбе шаардык ички иштер башкармалыгы Тажикстандын мурдагы өнөр жай министри Шерали Гулдүн уулдарынын бири жети суткага камакка алынганын билдирди.

2-декабрда «Озоди» радиосу Алишер Гулов менен Душанбедеги «Жал-Жам» базарынын ээсинин уулу Шердил Сирожов мушташканы жөнүндө жазган.

Душанбе милициясынын расмий билдирүүсүнө ылайык, 30-ноябрга караган түнү шаардагы оюн-зоок борборлорунун биринде балдар мушташып, коомдук тартипти одоно бузган.

Милиция Алишер Гулов, Рахмон Махмадбеков, Жасур Хожаев жана Сухроб Шарипов аттуу жарандар кармалганын билдирди. Текшерүү учурунда алардын мас экени аныкталган. Жаңжалдын кесепетинен Алишер Гуловдун эки досу жана Шерадил Сирожов ооруканага жаткырылган.

Коомдук тартипти бузган жарандарга карата административдик протокол түзүлүп, иш сотко жөнөтүлгөн. Душанбе шаарынын Исмоили Сомони райондук соту аларды жети суткага камоо чечимин чыгарган.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кудасы Шерали Гулдүн балдарынын жүрүм-турумуна байланыштуу чуулуу окуялар буга чейин да болуп келген.

Акыркы беш жылдын ичинде анын экинчи уулу Диловар Гулов үч жолу камалып, «бейбаштык» үчүн айып пулга жыгылган. Бир жолу ал милиционерди сабаганы үчүн бир жылга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 425