• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Эне-баланы салбай койгон айдоочу эмне үчүн бул кадамга барганын айтты

30 Аяк оона 2021 15:41 Бишкек Govori.TV

Балалуу аялды унаадан түртүп чыгарган айдоочу каттамдан четтетилип, жумуштан алынды, деп билдирди Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда аялдамадагы жаңжалдын видеосу пайда болгон, анда №203 маршруттук каттамдын айдоочусу күч колдонуп, коляскасы бар балалуу келинди унаага түшүрбөй койгон.

Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, Арча-Бешик — Дордой каттамына каттаган №203 маршруттук таксинин айдоочусун аныкташкан.

“37 жаштагы М.Б. аттуу айдоочу экендиги аныкталып, ал түшүндүрмө берген: Бир жыл мурун да ушундай окуя болуп, анын кесепетинен машруттун ичиндеги адамдар жабыркап, алардын чыгымын айдоочу төлөгөн. Айдоочу ошол себептен колясканы салонго салган эмес. Бул үчүн ал жалпы коомчулуктан кечирим сурарын билдирген”, — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда аталган айдоочу каттамдан четтетилип, жумуштан алынды. Андан аркы жоопкерчилигин кароо боюнча Ленин райондук милициясына жеткирилди.

Кошумчалай кетсек, №203 машурттук каттамдын бригадасы текшерүүгө алынып, техникалык бузуулары үчүн 2 протокол түзүлүп, 10 миң сом айып салынды

Количество просмотров: 6313