• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Жетинчи балага 1 млн. сом берилет». Жапаров президенттин указы даярдалып жатканын айтты

14 Жетинин айы 202411:41 Бишкек Govori.TV

Бийик тоолуу аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөргө материалдык колдоо көрсөтүү боюнча президенттин жарлыгы даярдалууда. Бул тууралуу Акылбек Жапаров ЖКнын жыйынында билдирди.

Жапаров жарлыкта 7 бала төрөгөн энелерге 1 млн. сом, он бала төрөгөн энелерге 2 млн. сом өлчөмүндө бир жолку акча төлөп берүү каралып жатканын айтты.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев төртүнчү болуп төрөлгөн балага 100 миң сом, бешинчи балага 600 миң сом, жетинчи балага 1 млн сом, сегизинчи, тогузунчу балага 1,5 млн сом жана онунчу балага 2 млн сом өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул берилерин билдирген.

Количество просмотров: 168