• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Энем, балам, эл каршы. Депутат Түлөбаев туу тууралуу…

6 Бештин айы 2023 13:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесине өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, желекти өзгөртүүгө көпчүлүк эл каршы.

«Өткөн аптада Тоң, Жети-Өгүз, Балыкчыга барып, эл менен жолугуштум. Алар «сунушталып жаткан тууңарды ээрчибейбиз, желекти өзгөртпөгүлө, туудан колуңарды тарткыла!» деп жатышат. Үйгө барсам бала-бакырам, энем, туугандарымдын баары каршы чыгып жатышат. Ошондуктан биз экинчи окууда бул маселени карайбыз, мен элдин үнүн угам»,-деди Түлөбаев.

Белгилей кетсек, коомчулукта мамлекеттик тууну өзгөртүү маселеси кызуу талкууланып жатат. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов көтөрүп, бул жааттагы токтом долбоорун коомдук талкууга койгон.

Кийин 29-ноябрда, Жогорку Кеңеште мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага 66 депутат макул болуп, 8 депутат каршы чыкты.

Количество просмотров: 509