Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Машиев Медер Асанович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.