• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Энергетика жана өнөр жай министри алмашты

8 Кулжа 2021 18:31 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Бекмурзаев Доскул Жумагулович Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Эске салсак, президенттин жарлыгына ылайык бүгүн, 8-июнда Турдубаев Кубанычбек Апышевич энергетика жана өнөр жай министри кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 477