• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Эпидкырдаал оор: Жарандарга Бишкек, Ош, Чүй жана Ош облусуна барбай туруу сунушталды

17 Кулжа 2021 12:21 Бишкек Govori.TV

Өлкө аймагына COVID-19 коронавирус инфекциясынын кирүүсүнүн алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб татаал эпидемиологиялык абал байкалып жаткан Кыргызстандын аймактарына жарандардын баруусун минималдаштырууну сунуштайт.

Атап айтканда, акыркы мезгилде коронавирус инфекциясы көп катталып жаткан Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй жана Ош облустарына барууну чектөө сунушталат.

Республикалык ыкчам штаб башка региондордо жашаган жарандарга эпидемиологиялык абал турукташканга чейин аталган аймактарга барууну чектөөнү сунуштоодо.

Ошондой эле жарандарды медициналык беткаптарды тагынуу, колду дезинфекциялоо, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди сактоого чакырабыз. Мындан тышкары, ар кыл массалык иш-чараларга катышуудан жана адамдар көп чогулган коомдук тамактануу жайларына баруудан кармануу сунушталат.

Количество просмотров: 1003