Бишкек. 04.03.2019. Govori.TV.
9-марттан 19-мартка чейин Эр-Риядда өтүүчү этнофестивалда 1000 ашуун кыргызстандыктар катышмакчы. Өлкөнүн баардык аймактарынан чогулуган кыргыздар бул этнофестивалда кыргыз салттары, улуттук оюндары, баалулуктарын тууралуу маалымат беришмекчи.
Азырынча Эр-Риядга кыргыздардын биринчи тобу 500дөй адам барган. Барганда эле эл оозуна алынды дейт журналистти Бегимай Жаныбекова. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыккан.
«Өздөрүн патриотбуз деп атаган бул жигиттер, күнүгө ак калпагын башынан түшүрбөй. Мунусу албетте жакшы, бирок, алардын жүрүм-түрүмү абдан начар. Азырынча бул жакка фестивалга катышуу үчүн 500 кыргыз келди. Бизди борбордон алыс эмес жерге жайгаштырышты. Ал жерде дасторкон — швед столу, бирок бул бизге жарашпайт экен. Топтолгон эркектер тамакка жулунуп, бири-бири менен түртүшүп, тарелкаларына үйүп салып, суусундуктарды ящиги менен эле номерлерине көтөрүп кетип жатышат. Анын кесепетинен башка адамдар ачка калууда. Салып алган тамактарын түгөтө жебей, тарелкага таштап койгондору да кыжырды келтирет»,-деп жазган журналист.