• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Эрдоган Ливияга аскер жөнөтүшү ыктымал экенин четке каккан жок

11 Бештин айы 2019 11:11 Бишкек Govori.TV

Түркия президенти Режеп Эрдоган орусиялык “Вагнер” жеке аскердик компаниясы Ливияда иш алып барып жатканын билдирди. Бул тууралуу Би-Би-Синин түрк кызматы кабарлады.

«Ливияда аскерлерди жайгаштыруу маселесине келгенде «Вагнер» жеке аскердик компаниясы Орусиядан ал жакка өз кишилерин жөнөттү. Эгер Ливия бизге кайрылса, биз да ал жакка аскер кызматкерлерин жөнөтөбүз. Бул айрыкча аскердик коопсуздук жөнүндө келишим түзүлгөндөн кийин маанилүү», – деди Эрдоган.

2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкөнүн расмий жетекчиси Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин Ливияда кош бийлик орногон. Чыгышты парламент жана улуттук армиянын кол башчысы Халиф Хафтар жетектеген армия көзөмөлдөйт. Батыш чөлкөмүндө Триполиде БУУнун колдоосу менен түзүлүп, эл аралык коомчулук тааныган улуттук ынтымак өкмөтү жайгашкан.

Көптөгөн булактардын маалыматына караганда, “Вагнер” жеке аскердик тобу Хафтар тарапта куралдуу кагылышууларга катышууда. ЖМКлар ондогон аскерлердин өлгөнүн кабарлаган. Орусия Ливиядагы жарандык согушка катышы жок экенин билдирип келет.

Количество просмотров: 82