• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ереванда Карабактын капитуляциясына каршы нааразылык акциясы өтүүдө

21 Аяк оона 2023 10:49 Бишкек Govori.TV

Ереванда 20-сентябрь күнү кечинде Карабактын Азербайжанга берилишине каршы жапырт нааразылык акциясы башталды: Армениянын өкмөттүк имаратынын алдындагы аянтта демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү кагылышты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун армян кызматы билдирди.

Демонстранттар полициячыларга таш жана бөтөлкө ыргытып, ал эми күч органдары союлдарды колдонду. Бир нече киши кармалганы айтылды.

Armenia Today басылмасынын кабарлашынча, митингчилер Еревандын борборундагы Маштоц саябанын тосушту. Алар “Арцах, Арцах!” жана “Никол, чыккынчы!” деп кыйкырышты.

Полиция Никол Пашиняндын резиденциясы жайгашкан өкмөттүк кварталды курчоого алды.

Жикчил Тоолуу Карабактын де-факто лидерлери куралдарын таштап, этностук армяндарды Азербайжандын курамына «реинтеграциялоо» боюнча сүйлөшүүлөргө макул болгондон кийин миңдеген армян 20-сентябрда Тоолуу Карабактын аэропортуна чогулду.

20-сентябрда Азербайжандын бийлиги ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун алкагында аймактагы жикчил күчтөргө Арменияга коопсуз чыгып кетүүнү камсыздоого убада берген.

Азербайжан 19-сентябрда «антитеррордук операция» баштап, 20-сентябрда аны улантуу ниети бар экенин билдирген.

Сүйлөшүү 21-сентябрда Бакудан 265 чакырым батышта жайгашкан Азербайжандын Елвах шаарында өтөрү маалым болду.

Количество просмотров: 52