• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабак маселесин тынчтык жолу менен чечет

1 Жетинин айы 2022 15:19 Бишкек Govori.TV

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабак аймагындагы чек ара маселесин чечүүдө «күч колдонбоого» макулдашты. Бул тууралуу Орусиянын катышуусунда өткөн үч тараптуу жолугушуудан кийин жарыяланган биргелешкен билдирүүдө айтылат.

Анда эки өлкө «жаңжалды бири-биринин эгемендигин, аймактык интеграциясын сыйлоого таянып чечүүгө», Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) уставдарына жана 1991-жылдагы Алматы декларациясына жараша жөнгө салууга макул болушканы белгиленген.

Сентябрда талаштуу Тоолуу Карабактан тутанган чыр армян-азербайжан чек арасындагы чатакка алып келген. Армения чек арадагы кагылышууда 207 киши курман болгонун же дайынсыз жоголгонун билдирген. Азербайжандын бийлиги соңку кагылышта 79 аскерин жоготконун кабарлаган.

Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин Тоолуу Карабак аймагында ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

Булак: centralasian.org.

Количество просмотров: 133