Беларустун Еревандагы элчилигинин алдында нааразылык акциясы өттү. Митингге чогулгандар беларус элчисин өлкөдөн чыгарууну жана Минск менен дипломатиялык мамилелерди үзүүнү талап кылышты. Андан кийин имаратка жумуртка, помидор жана картошка ыргытышты.
Армян маалымат каражаттары кабарлагандай, мындай нааразылыкка Беларустун жетекчиси Александр Лукашенконун Арменияны кемсинткен билдирүүсү себеп болду. Ал 20-августта Орусиянын мамлекеттик «Россия» телеканалына берген интервьюда: «Армяндардын бизден башка кимге кереги бар? Эч кимге кереги жок. Экономикасын өнүктүрүп, колунда бар нерсе менен оокат кылышсын. Кайдагы Франция, кайдагы Макрон? Макрон эртең кетсе Арменияны бардыгы унутушат», — деп айткан.
Элчиликтин жанындагы митингди «Жумурият үчүн» деген партиянын тарапташтары уюштурду. Алар Беларус менен дипломатиялык алакаларды үзүүнү талап кылган кайрылууну даярдап келишти. Ага дагы эки партиянын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кол коюшту.