Жол эрежесин бузган айдоочуларды видеого тартып, социалдык тармактагы баракчаларга чыгарып турган, жол кайгуул кызматынын инспектору Царикаев лакап аты менен таанымал болгон Мирлан Таалайбековду унаа сүзүп кетти. Маалыматка караганда, Чолпон-Ата шаарында жол боюнда турган инспекторду кичи автобус коюп кеткен. Мирлан Таалайбековдун башы чайкалып, колу сынганы айтылууда. Учурда ооруканада, саламаттыгы жакшы. Сүзүп кеткен кичи автобус атайын жайга токтотулган.
Айрыкча анын аткаминерлер же саясатчыларды кызмат абалына карабай айыпка жыкканы коомдо колдоого алынып келген. Иш билги инспекторду туристтик сезон учурунда Ысык-Көлгө которушкан.