Юрист Таттуубүбү Эргешбаева «Govori.TV» мультимедиалык маалымат агенттигинин 5 жашка толушу менен куттуктады. Өз каалоо-тилектерин айтып жатып, Govori.TVнын эркин медиалардын арасында өзгөчө орду бар экенин баса белгиледи.
«Көз карандысыз, эркин медиалардын арасында сиздердин өзгөчө ордуңар бар. Жана өзгөчө конструктивдүү түрдө демократиялык прициптерге таянып маалыматтарды чагылдырып келесиздер. Ошол үчүн чоң рахмат. Мындан ары да адилеттүү маалымат таратууда иш алып бара бериңиз», — деди Эргешбаева.