• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министринин милдетин аткарат

3 Бирдин айы 202522:27 Бишкек Govori.TV

Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Чечейбаев Эркин Маратович Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.

Чечейбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Количество просмотров: 387