Эркин күрөш боюнча курама команда Азия чемпионатында 8 медаль жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 25-26-июнь күндөрү Бишкек шаарында 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатынын алкагында эркин күрөш боюнча беттештер өттү. Эркин күрөш боюнча курама команда 8 медаль жеңип, командалык эсепте 2-орунду ээледи. 1-орунду Казакстан, ал эми 3-орунду Индия курама командасы алды.
Эркин күрөш боюнча курама команданын эсебинде үч алтын, эки күмүш жана үч коло медаль бар:
1-орун — Орозбек Токтомамбетов (70 кг);
1-орун — Мухаммад Абдуллаев (79 кг);
1-орун — Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг);
2-орун — Бекзат Алмаз уулу (60 кг);
2-орун — Нуртилек Карыпбаев (86 кг);
3-орун —Икромжон Хаджимурадов (65 кг);
3-орун — Каныбек Адбулхаиров ( 97 кг);
3-орун — Алинур Такиров (74 кг).