• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш: Кыргыз балбандары 3 алтын, 2 күмүш жана 4 коло байгеге ээ болушту

5 Кулжа 2023 9:58 Бишкек Govori.TV

4-июнда жыйынтыкталган Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеште Кыргызстандын эркин күрөш балбандары үч алтын, эки күмүш жана төрт коло байгеге ээ болушту. “Бишкек Арена” спорт комплексинде өткөн таймаштарда алтын медалдарды Алмаз Сманбеков, Тайырбек Жумашбек уулу жана Орозобек Токтомамбетов тагынды.

57 килограмм салмакта кыргызстандык эки балбан: Бекзат Алмаз уулу менен Алмаз Сманбеков күрөшүп, 6:1 эсебинде Сманбеков жеңишке жетип, алтын байгени алса, Бекзат Алмаз уулу күмүш байгеге арзыды.

Алмаз Сманбеков кытайлык, грузиялык атаандаштарын утуп финалга чыкса, Бекзат Алмаз уулу өзбекстандык жана казакстандык балбандарды утуп, алтын медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Тайырбек Жумашбек уулу 61 килограмм салмакта финалда грузиялык Шота Партенадзени утуп (8:2), жеңүүчү болду. Бул салмакта дагы бир кыргызстандык Абдымалик Карачов коло байге алды.

65 килограмм салмакта Алибек Осмонов күмүш байгеге ээ болду. Бул салмакта дагы бир кыргызстандык Икромжон Хажимуродов коло байге алды.

Орозобек Токтомамбетов 70 килограмм салмакта финалда казакстандык Сырбаз Талгатты 3:2 эсебинде жеңип алтын медал тагынды. Бул салмакта дагы бир кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев коло медал тагынды.

79 килограмм салмакта Адилет Маратбаев коло байгеге ээ болду.

Эркин күрөш боюнча таймаштардын жыйынтыгында 15 команданын ичинен командалык эсепте 132 упай топтогон Грузия командасы 1-орунду алды. 2-орунду Кыргызстан (122 упай), 3-орунду Казакстан (116 упай) ээледи.

Эркин күрөш балбандары алган медалдарды кошкондо Кыргызстандын эсебине Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаевдин элесине арналган рейтингдик мелдештин жыйынтыгында төрт алтын, эки күмүш жана сегиз коло байге чогулду.

Количество просмотров: 103