• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эркин Сопоков Түркиядан чыгып кеткени айтылууда

14 Жетинин айы 2019 11:18 Бишкек Govori.TV

Генконсул Эркин Сопоков Түркиядан чыгып кеткени тууралуу маалымат тарады.

Ошол эле учурда КРнын Тышкы иштер министрлигинин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын​ Башкы прокуратурасынын, УКМК жана ТИМ өкүлдөрүнөн турган Ведомстволор аралык жумушчу тобу түзүлдү. Бул Ведомстволор аралык жумушчу тобу Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы мурдагы Башкы консулу Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Стамбул шаарына учуп кетет.

Эске салсак, жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Алгач Кыргызстанда ишкердик менен алектенген Саймаитини өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалганы белгилүү болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү катары кармалгандар кыргызстандык деген маалымат кийин жалган экени далилденип калышы да мүмкүн деп билдирүүдө.

Саймаити өлтүрүлгөн жерде токтоп турган «Range Rover» үлгүсүндөгү жолтандабас Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык экени ачыкка чыккан. Буга кошумча аталган автоунаага тагылган дипломатиялык номер консулдуктун каттоосунда болгон.

11-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулган. 

Количество просмотров: 180