• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Эркиндик маршынын» катышуучуларын милиция катуу көзөмөлдөп жүрдү

25 Жетинин айы 2022 18:50 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги #REакция эркиндик үчүн жөө жүрүштүн катышуучуларын милиция кызматкерлери коштоп, кайтарып жүрүштү.

Деген менен марштын уюштуруучулары эртең менен коопсуздукту камсыздап бергиле деп суранганда, тартип сакчыларынын баары курултайда болору тууралуу жооп алышкан.

Ал эми борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Тюкебаев Максим Горький аянтын эске албаганда, райондо нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салуу боюнча Биринчи Май сотунун чечими бар экенин айткан.

Кошумчалай кетсек, акциянын башында провокация уюштургусу келген үч аял антимитингге чыккан.

Бишкек шаарында эркиндик үчүн тынчтык акциялар өттү. Ага журналисттер, активисттер жана кайдыгер эмес жарандар катышкан.

Акцияларда өлкөдөн мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду мекенине кайра алып келүү, саясий туткундарды бошотуу, сөз эркиндигин, көз карандысыз журналисттерди жана ЖМКларды куугунтуктоону токтотуу талаптары коюлду.

Бишкек шаардык соту 23-ноябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун «документтерди жасалмалоо иши» боюнча аппеляциялык арызын карап, Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Укук коргоо органынын кызматкерлери Темировду сот залынан күч колдонуп алып чыгып кетишкен. Кийинчерээк иликтөөчү Кыргызстандан Орусияга депортацияланганы маалым болгон.

Количество просмотров: 95