• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эрматова: Күчтүү айымдарды өстүрүү керек

5 Аяк оона 2022 9:46 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында жетинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан алдыңкы жаш лидер айымдар келген.

Алардын бири 25 жаштагы жарандык активист Ырыскан Эрматова.

«Жарандык активист катары коомдук иштерге активдүү катышып келем. Мындан сырткары кризистик борбордо иш алып барам. Оор тагдырга туш болгон айымдар менен иштеп, аларга жардам көрсөтөбүз. Жалгыз эле аялдар эмес жаштар менен да иш алып барабыз. Бул тренингден коомдогу аялдын ролун өркүндөтүү багытында кандай иш алып баруу керектигин үйрөнүү үчүн келдим. Бул жактан алган тажрыйбабызды өз региондорубузга барып бөлүшө алабыз»,-деди ал.

Количество просмотров: 71