• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Эрмегалиев: COVID-19дан кийинки симптомдор 2-3 айда жок болбосо, анда адистерге кайрылуу керек

23 Теке 202111:09 Бишкек Govori.TV

COVID-19дан кийинки симптомдор 2-3 айдын ичинде жок болбосо, анда адистерге кайрылуу керек. Бул тууралуу Республикалык психикалык ден соолук борборунун директорунун орун басары Кубанычбек Эрмегалиев брифинг учурунда билдирди.

“COVID-19дун жеңил, орточо оор түрү менен ооругандан кийин симптомдор калышы мүмкүн. Алар: баш оору, алсыздык, уйку качуу, кыжырдануу, маанайдын түшүүсү, ачуулануу, табиттин жоктугу. Андан коркпош керек. Бул симптомдор бара бара жок болот. Эгер аталган симптомдор 2-3 айдын ичинде өтпөсө гана адистерге кайрылыш керек”, — дейт ал.

Эрмегалиев калкка психологиялык жардам дистанттык түрдө көрсөтүлүп жаткандыгын кошумчалады. “Адистерден кеңеш алуу акысыз жүргүзүлөт. Байланыш телефондор Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында бар”, — дейт ал.

Количество просмотров: 429