• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эртең «Ала-Тоо» аянты унаа кыймылы үчүн жабылат

28 Чын куран 202220:22 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянты эртең шаар күнүн белгилөөгө байланыштуу унаа кыймылы үчүн жабык болот.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, саат 19:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүк жабылат.

Кайгуул кызматы келтирилген ыңгайсыздык үчүн алдын ала кечирим сурап, айдоочуларды альтернативдүү жолдорду тандоого чакырат.

Количество просмотров: 157