Эртең, 2-ноябрда, саат 18:00дө Бишкектеги Ала-Тоо аянтында маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык концерт өтөт.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул майрам – өлкөнүн маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө өмүрүн арнаган инсандарга арналат.
Кечеде эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өтөт.
Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы, майрамдын урматына Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 17.00дөн баштап жабыла турганын маалымдады.