• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Эртең Баткен менен Ошто көмүр кени иштеп баштайт

29 Баш оона 202417:25 Бишкек Govori.TV

Эртең, 30-августта «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан Урмизан-3 көмүр кенин ишке киргизет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көмүр кен толугу менен мамлекеттин менчигинде. Жалпы аянты 5 гектарга жетет. Ал эми инвестициялык долбоордун көлөмү 3 млн АКШ долларын түзөт. Көмүр кенде 26 жумушчу иштейт.

Ошондой эле эртең Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагында Загара-2 көмүр кени ачылат. 16,78 гектарды ээлеген бул кен да толугу менен мамлекеттик үлүштө. Инвестициялык долбоордун көлөмү 5 млн АКШ долларын түзөт. Учурда кенде 77 кызматкер эмгектенет.

Количество просмотров: 148