• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эртең Бишкекте айрым көчөлөр жабылат

16 Жалган куран 2023 15:13 Бишкек Govori.TV

Эртең, 17-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери менен мектеп окуучуларынын катышуусунда жөө жүрүш өтөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жөө жүрүш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында айдоочуларды жол эрежелерине көңүл бурдуруу максатында өткөрүлөт.

“Буга байланыштуу саат 10:00дөн 12:00гө чейин Сүйөркулов көчөсүнөн чыгышты карай Малдыбаевдан тартып, Байтик баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү, анан Байтик баатыр көчөсүнүн бир тилкеси менен түштүктү карай Сүйөркулов көчөсүнөн тартып, А.Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 88