• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Эртең Бишкекте суу өчөт, камдап алыңыз (Тизме)

18 Бирдин айы 201912:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.02.2019.Govori.TV.

«Бишкексууканал» ишканасынын маалыматына ылайык, 2019-жылдын 19-февралында 9.00 саат 24.00 чейин борбор калаабыздын кээ бир райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында жайгаштырылган.

Маалыматка ылайык, Орто-Алыш суу топтомосунда 35 жаңы скважина салынды. Буга байланыштуу шаарга түшкөн суунун көлөмүн кеңейтүү максатында жаңы салынган Д=1000 мм суу түтүктөрүн шаардын суу түйүнүнө туташтыруу үчүн 19-февралда кээ бир кварталдарда суу токтоп калышын түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөбүз. Тизме бул жерде:  

— кичирайондор №3, 4 ,5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, Асанбай, Жал-15, 23, 29, 30, Юг-2,  Көк-Жар, Улан-1, Улан-2;

— жаңы конуштар: Көк-Жар, Үстүңкү Көк-Жар, Арча-Бешик, Ынтымак, Бакаев, Киргизия-1, Киргизия-2, Ала-Арча, Браво, Ордо, Орто-Сай-2, Сары-Өзөн, Салкын-Төр,  Совмин шаарчасы,  Орто-Сай айылы, Чоң-Арык жана Төмөнкү Орок;

— «Бишкектеплоэнерго» отканалары: кичирайондордо Жал-15, 23, 29, «Совмин» шаарчасында, Жал-29 кичирайонундагы балдардын адаптация борбору, №4- шаардык ооруканасы, №5- Банясы, Ротор, Фурманов көчөсү 10, Гагарин көчөсү 74;

— ведомстволук отканалар: «Ак-Кеме» мейманканасы, пр. Ч.Айтматов көчөсүндөгү көп кабаттуу турак жай үйлөрдө («Ак Ун»), жана Грибоедов көчөсүндөгү 1/1 үйдө.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты, уюмдарды жана ишканаларды алдын ала суу менен камсыздап алууну өтүнөт.  

Количество просмотров: 11