• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эртең Бишкектеги айрым көчөлөр убактылуу жабылат

25 Аяк оона 2021 9:19 Бишкек Govori.TV

Эртең, 26-сентябрда ак илбирсти сактоого арналган эл аралык жарым марафон өткөрүлөт.Буга байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат.

Алар:

Маалыматка ылайык, жолдор саат 07:00дөн 10:00гө чейин жабылат.

— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин;

— Абдрахманов (Совет) көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;

— Иманалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;

— Масалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;

— Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Жарыштын катышуучулар өтүп кеткенден кийин жолдор кезеги менен ачылат.

Количество просмотров: 294