• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төө-Ашууда тыгын жерлер ачылды. Бирок Сосновка, Арал, Талды-Булак посттору жабык

16 Тогуздун айы 202413:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош автожолунун тыгын болгон жерлери эки тараптуу ачылып, учурда Сосновка, Арал жана Талды-Булак өткөрүү посттору жабык экендигин ӨКМ кабарлады.

Саат 13:00гө карата Бишкек – Ош унаа жолунун 133-чакырымындагы (Төө-Ашуу ашуусу) жол тыгыны жөнгө салынып, учурда унаалар эки тараптуу жүрүп баштады. Ошондой эле унаа жолдун боюнда туруп калган айрым оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө ӨКМдин куткаруучулары көмөктөшүүдө.

Ал эми Сосновка, Арал жана Талды-Булак өткөрмө жайларында унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөө алына элек жана аталган посттордо ысык тамак уюштурулган.

Дагы кошумча маалымат берилет дейт ӨКМ.

Количество просмотров: 183