• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт

28 Чын куран 202513:26 Бишкек Govori.TV

Эртең, 29-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин Бишкектин “Красный строитель” конушунда жана “Красный строитель” шаарчасында таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Өчүрүү району:

Киргизская көчөсү — Саадаев көчөсү — Бельская көчөсү — Сары-Челек көчөсү — Бухарская көчөсү — Киргизская көчөсү.

Өчүрүү Саадаев жана Киргизская көчөлөрүнүн боюнча диаметри 300 мм болгон суу өткөрмөдөгү авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.

Количество просмотров: 174