• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт (тизме)

20 Жетинин айы 2019 10:04 Бишкек Govori.TV

Эртең, 21-ноябрда саат 09:00дөн баштап 17:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт. Мындай чектөөлөр «Киркомстром» жана шаардык суу топтомдорундагы оңдоо иштерине байланыштуу, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Абаканская, Архангельская, Белгородская, Кустанай жана Тираспольская көчөлөрү менен чектелген аймакта таза суу жок болот. Анын ичинде:

— №37 бала бакчанын имаратында;

— №42 мектептин имаратында;

— Балдарды коргоо борборунда;

— «Бактылуу өлкө» бала бакчасынын имаратында;

— Дарыгер Бекбоевдин медициналык борборунда;

— «Бишкек жылуулук энерго» ишканасында;

— «Бишкек мульт сервис» жабык акционердик коомунун имаратында;

— «Нургаз», «ГМК Корунд», «Окно Роста» ЖЧКда;

— Васипова кичи наабайканасында;

— «Шинкар» дүкөнүндө;

— «Салтанат» кафесинде;

— «Санжыра» чайканасында;

— «Меридиан» банкет залында;

— №43 почта бөлүмүндө;

— «Мастер Комп» компьютердик клубунда;

— «Роза» сулуулук салонунда;

— «Гранд Плюс» дүкөнүндө;

— «Азия радуга» кондитердик цехинде таза суу өчүрүлөт.

Таза суу өчүрүлгөн мектеп жана бала бакчалар бул күнү иштебейт. Социалдык жана медициналык мекемелер штаттык режимде иштейт.

Количество просмотров: 243