9-февралда саат 10:00дөн баштап 18:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт. Мындай чектөөлөр суу топтомдорундагы оңдоо иштерине байланыштуу, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Ахунбаев, Тыныстанов, Медеров көчөлөрү жана Ала-Арча дарыясы менен чектелген аймакта таза суу жок болот. Анын ичинде:
— «QSI International school of Bishkek» жеке менчик мектебинде;
— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын имаратында;
— «Панацея» медициналык борборунун имаратында;
— Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин имаратында;
— №61 мектеп-лицейдин имаратында;
— К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин имаратында;
— Бишкек шаардык карылар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үйүндө;
— «ABA Consulting» борборунда;
— «Medipol» медициналык борборунда;
— «Тартуга» эс алуу борборунда;
— «Samsung» дүкөнүндө;
— «Дента Мир» тиш дарылоо борборунда;
— «Мээнет-сервис» компаниясынын имаратында;
— «БГТС» ЖЧКнын имаратында;
— Социалдык фонддун имаратында;
— №3 тиш дарылоо бейтапканасынын имаратында таза суу өчүрүлөт.