«ХБО» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу, 28-октябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбор калаанын айрым аймактарында суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматта айтылгандай, турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу берүү токтотулат.
7-Апрель, Горький, Достоевский көчөлөрүндө жана темир жол линиялары менен чектелген аймакта таза суу болбойт.