• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

18 Баш оона 202512:14 Бишкек Govori.TV

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 19-августта саат 10:00дөн 24:00гө чейин Токтоналиев – Гшлиессера – Миңжылкыев – Сагындыков көчөлөрү – Масалиев проспектиси менен чектешкен аймакта суу берүү токтотулат.

Ичүүчү суу диаметри 300 мм болгон суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Количество просмотров: 116